Акыркы макалалар

Эхинококкоз дарты менен 14 жашка чейинкилер көп катталууда

Эхинококкоз дарты менен 14 жашка чейинкилер көп катталууда

Дарыгерлердин айтымында, өлкөдө акыркы жылдары 14 жашка чейинки балдар арасында эхинококкоз дарты көп кездешүүдө.

Адистердин маалыматы боюнча, жылдан жылга оорулардын түрлөрү көбөйүп жашарууда. Ошол оорулардын катарын толуктаган эхинококкоз дарты тууралуу сөз кылабыз. Маалыматтарга ылайык, эхинококкоз оорусу бир гана чоң кишилерде эмес жаш балдар арасында дагы кулачын жаюуда. Буга байланыштуу бүгүнкү «Дабагер» уктуруусунда Оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөлдөө департаментинин дарыгери Жумагул Усубалиева менен маек курдук.

Студиябыздын коногу менен тааныштырып өтсөм.

-Айтыңызчы, эхинококкоз дартынын кездешүүсү кандай деңгээлде болуп жатат?

-Чындыгында Кыргызстанда акыркы жылдары бул дарт актуалдуу көйгөй болуп жатат. Анткени Союз убагына салыштырганда, бизде эхинококкоздун саны жылдан жылга өсүп жатат. 2002-жылы 400дөн ашуун жарандар операциялык жол менен дарыланган болсо, бүгүнкү күндө 10 айдын ичинде эле 1058 учурга жетти. Тилеке каршы мурун айыл жерлеринде аталган оору көп болсо, учурда шаар жашоочулары арасында дагы көп катталууда. Эң өкүнүчтүү нерсе болуп, 14 жашка чейин балдар да дагы көбөйүүдө. Мунун күчөп баратышынын себеби болуп, биздин мамлекет агрардык өлкө болгондуктан, айылдарда ар бир үйдө үй жаныбарлары бар. Бул оору малдын жана иттин арасында пайда болгондуктан абал ушундай болуп жатат.

Ит аталган ооруну жуктурганга мүмкүнчүлүк болгон куртту пайда кылат. Ал курт үйдө мал жандыктарды сойгондо ичинен былжырлуу боор, өпкө чыгат. Ошолорду адамдар жебейт да, анан иттерге беришет.

-Бул дарттын белгилерин жарандар кантип байкаганга болот?

-Бейтаптын тамакка табити начарлайт. Ишке жөндөмдүүлүгү начар болуп баштайт. Иттер бул ооруну алып жүргөнү менен оорушпайт, алар башкаларга таркатат. Негизи эхиноккокоз менен мал, анан адам көп ооруйт. Оорунун белгилери өпкөсүндө, боорунда ыйлаакчага окшогон суюктугу бар жара болот. Бул операция жолу менен гана алынышы керек, болбосо дарыланбайт. Өткөрүп жиберсе мерт болуп калышы мүмкүн. Бул дарт менен ооругандар быйыл Бишкек шаарында, Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында көп катталды. Негизи дарт ветврачтардын жасаган иштерине байланыштуу. Андыктан элге алдын ала маалымат берип окутуп, үйрөтүп турушу керек. Өзгөчө жолбун иттерден сак болуу жөнүндө дайыма айтып турушубуз керек.

-Эхинококкоз оорусунун жугуу жолдорун айтсаңыз?

-Бул дарт адамдан адамга жукпайт. Оорунун эки кожоюну болот. Биринчиси, туруктуу кожоюну кадимки эле үйдөгү иттердин ичегисинде жайгашат. Алар заң аркылуу сыртка чыгат да, жерде калат. Экинчи кожоюну деп коебуз, ортомчул (промежуточный), буга кой, уй, адамдар кирет, ошолор аркылуу эхинококкоздук ыйлаакча (киста) пайда болот. Эми кандай кылып алдын алабыз деген олуттуу маселе турбайбы. Ээси жок көчөдө каңгып жүргөн иттердин баарын жок кылуу, үйдөгү иттерди дегелминтизация деп коет, атайын альбендазол аттуу күчтүү дары бар, ошону бергенде иттин ичегисиндеги курттарды өлтүрөт. Анан жөнөкөй эле нерселер, мал сойгондо кыргыздар өпкө, боорундагы майда ыйлаакчасын көрүп туруп иттерге беришет. Бербеш керек, өрттөп же болбосо, терең казып көөмп салуу зарыл. Эл арасында, өзгөчө айыл жериндегилерге санитардык агартуу иштерин тынбай жүргүзүп, дарыгерлердин топтору түзүлүп алдын алуу чаралары уюштурулбаса, абдан коркунучтуу эпидемияга айланып кетет.

-Ар бир оорунун алдын алууга болот. Адис катары профилактикалык кандай кеңештерди берет элеңиз?

-Эхинококкоз дартынан арылуунун биринчи жолу деп, үйүндөгү иттерди бир жылда төрт жолу дарылоо, ошол учурда 72 саат байлап коюу зарыл. Ит байланган жерди хлордоп жууп, улам тазалап туруу керек. Ал эми жарандар бир жылда бир жолу дарыгерге барып, текшерүүдөн өтүп туруш зарыл. Сөзсүз түрдө жеке гигиенага көңүл буруп, малдарды сойгондо ичиндеги былжырларды иттерге бербесек, биз бул ооруга чалдыкпаганга толук мүмкүнчүлүк бар.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...