Акыркы макалалар

Бишкек мэриясы таштанды төгүш үчүн жаңы жер издеп жатат

Бишкектеги эски таштанды жайын рекультивациялоо иштерине 11 млн евро бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында баш калаанын мэри Кубанычбек Кулматов маалымдады.

Белгилей кетсек, бүгүн депутаттар Европа биримдигинин инвестициялык фондунан Борбор Азия үчүн грант бөлүү боюнча келишимди карап жатат. Ага ылайык "Бишкек шаарындагы катуу калдыктарды башкаруу системасын жакшыртуу" долбоору каржыланмакчы.

Шаар башчысынын айтымында, долбоор боюнча 22 млн евро берүү каралууда, анын 11 млн евросу 20 жылга насыя катары берилет. "Алгачкы үч жылда биз акча төкпөйбүз. Аталган каражатка 25 кубометр таштанды бата турган таштанды контейнерлерин сатып алууну көздөп жатабыз.

Биз жаңы таштанды төкчү жайды жакшыртууга 739 миң евро бөлөбүз, ошондой эле бульдозерлерди сатып алабыз. Азыр биз жаңы таштанды төкчү жай үчүн жер участогун караштыруудабыз. Жаңы конуштарга контейнерлер жетишпейт,25 кубометр көлөмдөгү кошумча контейнерлерди сатып алууну да планга койдук",-дейт Кулматов.

Ал 1 млн еврого муниципалитет таштанды аянттарын кура турганын кошумчалады. "Мындан тышкары 120 миң еврого "Тазалык" ишканасынын ишин жакшыртыш үчүн GPS-навигаторлорду орнотобуз",-дейт мэр.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...