Акыркы макалалар

Оторбаев: Экономиканын өсүү тенденциясы жакшы болбой жатат

Быйыл Кыргызстанда инфляциянын өсүшү 8,7 пайызды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Өнүктүрүү жана шериктер менен өз ара иштешүү боюнча координациялык кеңештин жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.

Анын айтымында, аймактык экономиканын өсүү тенденциясы жакшы болбой жатат. Бул маанилүү рыноктордогу бир катар маселелерге байланышкан. "Экономиканын өсүү ыргагы жайлап жатат, Россияда Ички дүң өндүрүмдун өсүшү 0,5 пайызды түздү, Казакстанда 4 пайыздан аз. Бул биздин экономикага таасирин тийгизбей койбойт. Кыргызстандагы Ички дүң өндүрүмдүн өсүшү 11 айда - 3,5 пайызды түздү, "Кумтөрдү" кошпогондо-4,3 пайыз. Мунун баары инфляциянын 8,7 пайызга жогорулашына алып келди",-дейт Оторбаев.

Ал ошондой эле Кыргызстандын бюджетинин 50 пайызы социалдык тармакка чыгымдалып жатканын айтты.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...