Акыркы макалалар

Ноябрда пенсия үчүн 2,7 млрд сом бөлүндү

Кыргызстанда ноябрь айында пенсионерлердин саны 589 миң адамды түздү. Социалдык фонд тарабынан пенсияны каржылоого 2,7 млрд сом керектелди.

"Республика боюнча пенсия алгандардын саны 589 500 адамды түздү. Алардын арасында "Кыргызпочтасынын" филиалдары аркылуу пенсия алгандар - 395 700 миң адам, ал эми коммерциялык банктардан 193 800 миң, башкача айтканда пенсионерлердин 33 пайызы пенсия алат",-деп кабарлады басма сөз кызматы.

Ноябрь айында пенсия, жөлөк пул, электр наркына компенсация үчүн 2 млрд 761 млн 500 миң сом керек болсо, ал толугу мнен каржыланган.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...