Акыркы макалалар

Ошто жарандарды алдап, акча алып жүргөн аялдар кармалышты

Кечээ, 10-декабрь күнү Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмү тарабынан 1963-жылы туулган Рахат, 1965-жылы туулган Гүлмира аттуу эки аял алдамчылык менен шектелишип, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармалуучу жайына киргизилди. Буга чейин бул аялдардын үстүнөн 6 адамдан арыз түшкөн. Бул аялдар жабырлануучуларга "июнь окуясында жабыр тарткандарга салынган үйдөн батир алып беребиз" деп акча алышкан. Тагыраак айтканда, 2 адамдан 20 миң, 3 адамдан 50 миң, бир адамдан 60 миң сом алдоо жолу менен алышкан. Экөө тең бир тууган абысындар болуп эсептелет. Кара-Суу районунун Маданият айылынын тургундары. Бул экинчи алдамчы топ. Бүгүн бул аялдардын үстүнөн дагы үч адамдан арыз түштү. Эске салсак, учурда Ош шаардык ИИБнын тергөө бөлүмү 1949 - жылы туулган Гулбайра, 1950 - жылы туулган Айнагул аттуу адамдардын үстүнөн дагы ушул эле берене менен тергөө иштери жүрүүдө. Мурда маалымдагандай, бул аялдар дагы 21 адамды алдап жүргөн. Бирок, булар 2 миң доллардан 16 миң долларга чейин алышкан. Алдоо жолу менен алган акчалары 250 миң доллар жана 1 миллион сомдон ашты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы З.Сыдыков билдирди.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...