Акыркы макалалар

Укук коргоочу: 19-колонияны кармап турганга мамлекет каражат бөлгөн эмес

Бир аз мурда курулган, өмүр бою абакта жата тургандар кармала турган 19-колонияга мамлекет каражат бөлгөн эмес. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда болгон басма сөз жыйынында кыйноолорго каршы туруу борборунун директору Бакыт Рыспеков билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын азыркы учурда бул абак жайга соттолгон адамдары которууга мүмкүндүгү жок.

"Имаратты курушту, расмий ачышты, бирок башка маселе келип чыкты, абакка кесилгендерди ал жакка которуш үчүн каражат керек. Мындай каражат Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын колунда жок, анткени мамлекет акча бөлгөн эмес. Абакка өмүр бою кесилгендерди кармап туруш үчүн да, кайтарыш үчүн да каражат талап кылынат",-дейт Рыспеков.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...