Акыркы макалалар

Кытайлыктарга Оштогу курулушка инвестиция салууну сунуш кылышты

Кечээ, 8-декабрда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Кытай Эл Республикасынын Цинхай провинциясынын Синин шаарынан келген делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Жолугушууда курулуш, айыл чарба, туризм, текстиль жана химия өнөр жайы тармагындагы инвестициялык долбоорлор талкууланды.

Сарпашев делегация мүчөлөрүнө Оштогу турак-жайлардын курулушуна инвестиция салууну сунуш кылды.

"Өкмөт сиздердин инвестиция салуу сунушуңуздарды колдойт жана ишкерлик кылыш үчүн баардык жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр",-деп билдирди Сарпашев.

Синин шаарынын мэри Ван Юбу Кыргызстанга инвестиция салууну каалаган кытайлык ишкерлер көп экенин айтты.

"Айыл чарба жана туризм тармагына кызыккандар көп",-деп билдирди ал.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...