Акыркы макалалар

Бишкекте өзүнүн курбусун бетке чаап, 30 миң сомун тоноп кеткен айым кармалды

Бишкекте өзүнүн курбу кызын тоноп кеткен айым кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Укук коргоо органдары берген маалыматка таянсак, кечээ, 8-декабрда милицияга баш калаанын 26 жаштагы тургуну кайрылган. Жабырлануучу аны тоноо максатында курбусу кол салганын билдирген. Ал аны бир нече жолу бетке чаап, 30 миң сом салынган сумкасын алып кеткен.

Учурда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 30 жаштагы айымды кармашты.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...