Акыркы макалалар

Мыйзам жазуудагы мамлекеттик тилдин маселеси боюнча жыйын өткөрүлөт

Бишкекте Кыргызстанда мыйзам жазуудагы мамлекеттик тилдин маселесине арналган илимий-практикалык жыйын болот.

Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, конференция 2015-жылдын 11-12-февралында болот жана анын алкагында мыйзам жазуудагы тил маселелери, котормо, кыргыз орфографиясынын талаштуу маселелери, терминологиялар, жаңы сөздөрдүн пайда болушу тууралуу талкуу болот.

Жыйынды Жогорку Кеңеш, КРдин Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институту USAID/DFID программасынын колдоосу менен уюштуруп жатат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...