Акыркы макалалар

Оторбаев милицияга ишкерлерди негизсиз текшерүүгө тыюу салды


Милиция кызматкерлери ишкер, соодагерлерди негизсиз текшерүүнү токтотсун. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев ички иштер министри Мелис Турганбаевге ушундай буйрук бергенин бүгүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Эгер атайын уруксат кагазы болбосо милиционерлер ишкерлерден патент, квитанция жана башка документтерди көрсөтүүсүн талап кылууга акысы жок.

Кыргызстанда ишкерлер түрдүү текшерүүчүлөрдүн айынан өнүгө албай жатканын, паракорлук гүлдөгөнүн жана криминалдан да жапа чегип келерин көп эле айтышат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...