Акыркы макалалар

Көчмөндөр оюну жөнүндө тасма чыгат

Ушул жылдын сентябрь айында Ысык-Көлдө өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну жөнүндө Орусиянын “Моя планета” каналы тарткан тасма жарык көргөнү турат. Бул тууралуу телеканалдын сайтында маалымдалды.

Кабарларга караганда, көчмөндөр жөнүндө даректүү тасма жакында телеканалдан көрсөтүлүп, ошондон кийин Кыргызстанга тасманы колдонууга расмий уруксат берет.

"Моя Планета" – саякат, илим, тарых жөнүндө тасмаларды күнү-түнү көрсөткөн орусиялык телеканал. Каналдын чыгармачыл тобу дүйнөнү кыдырып саякатчыларга ыңгайлуу, кооз, тарыхы бай жерлерди кыдырып даректүү тасмаларды тартышат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...