Акыркы макалалар

Депутат: Спорт саясаттан тышкары болушу керек

"Спорт саясаттан тышкары болушу керек". Мындай пикирин бүгүн, 5-декабрда "Республика" фракциясынын отурумунда депутат Чолпон Султанбекова билдирди.

"Спорт саясаттан тышкары болушу керек. Парламентте көпчүлүк коалициясы тараган сайын спорт тармагы мындан көп жапа чегип жатат. Спорт тармагына министрлик деген атты дагы ыраа көрбөй, агенттик кылып коюшту. Башка мамлекеттерге барганда уяласың. Алардын министрлери келип отурушат. Бизде спорт министри деген статус жок болгондуктан олимпиадаларга барганда ылдый жакта жүрөбүз. Эмнеге агенттиктин деңгээлине түшүрүп койгонбуз?"- деди депутат.

Ошондой эле ал, фракция лидери Максат Сабировдун бул багытта тегерек стол өткөрүү сунушун колдой тургандыгын айтты. Депутат ага сөзсүз мамлекет башчысынын катышуусу зарыл экендигин билдирди.

"Ал жыйынга президенттин аппаратынын жетекчиси эмес, мамлекет башчы өзү келип катышсын. Мен ал киши баш тартат деп ойлобойм. Эгерде президенттин аппаратынын өкүлчүлүктөрүнөн чакырылса Данияр Ильич келиши мүмкүн. Бирок ал спортко жакын адамдар эмес. Президентти ачык сүйлөшүүгө чакыруу керек. Тегерек столду дагы ошондой деп атап койсо болот",- деди ал.

Андан тышкары депутат Дене тарбия жан спорт боюнча мамлекеттик агенттик иштөө структурасын өзгөртүү зарылдыгын айтты.

"Силер спортту көтөрүү үчүн аракет кылып жаткан адамдардын күчү менен гана жашап жатасыңар. Спортчулар олимпиадага барып катышып келген соң аларга көңүл буруп жатасыңарбы? Көңүл бурган жоксуңар. Учурда спортчулардын тамагына бир суткага болгону 70 сом бөлүнөт экен. Силер ошол акчага тамактанып көргүлөчү",- деди ал.

Ошондой эле депутат Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик академиянын ишин сынга алды.

"Силер эмне иш кылып жатасыңар? Өткөндө биз окуу жайга барганда, бир бөлмө толтура диплом турат, бүтүрүүчүлөр алып кетпей жатат деп айтып жатышат. Силер эмнени максат кылып ачылдыңар эле? Милдетиңер мыкты машыктыруучуларды даярдоо да. Анан бул жерге келип, уялбай биздин окуу жайдын кадыр-баркы жок болуп калды деп жатасыңар. Бул жерде маянанын аздыгынын тиешеси жок",- деди эл өкүлү.

Бул маселе боюнча каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев дагы өз пикирин билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда спорт интернаттарын негиздемейин спортту өнүктүрүү мүмкүн эмес.

"Бардык аймактардан келип балдардын билим алуусуна шарт түзүү керек. Мындай интернет жалгыз Жалал-Абад облусунда бар болчу . Бирок ал дагы каралбай жатып таланып- тонолуп бүттү",- деди ал.

Учурда саясатчылардын көпчүлүгү спортчуларды күч катары пайдалана тургандыгын айткан фракция лидери Максат Сабиров, спортко бюджеттен калган калдыктар берилип жаткандыгын баса белгиледи.

"Өкмөткө маданият менен спорттун кереги жок. Экономика болсо болду. Бул боюнча тегерек стол өткөрүп, жылдын башы менен сөзсүз түрдө маселеге кайрылып келели",- деди ал.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...