Акыркы макалалар

Ош облусунун казыятынын кызматкерлери биометрикалык каттоодон өтүштү

Кечээ, 4-декабрда Ош облусунун мусулмандар казысы Ниязали ажы Арипов, казынын орун басары Имамаззам Боронов баш болгон казыяттын кызматкерлери Ош облустук кесиптик кошунунун имаратында жүрүп жаткан биометриялык каттоо процедурасынан өтүштү. Казыяттын райондордогу дин кызматкерлерине да аймактарда ачылган каттоо борборлорунда катоодон өтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, деп билдирет муфтияттын басма сөз кызматы.

Уюштуруучулар биометрикалык каттоо процедураларынан өтүү мамлекетибиздин өнүгүүсүндөгү приоритеттүү кадамдардын бири экендигин белгилешип, мындай оорчунду маселелерде кайдыгер карабай убагында өз вазийпасын аткарган дин кызматкерлеринин активдүүлүгүнө ыраазычылык билдиришти.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...