Акыркы макалалар

Казакстанда жол кырсыгынан эки кыргызстандык каза болду

Казакстандын аймагында жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен кыргызстандык эки жаран каза таап, дагы эки жаран жаракат алышкан. Бул тууралуу Казакстан Новости булагы жазат.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Казакстандын Жаксын районунун аймагында болуп, анда "Екатеринбург-Алмата" унаа жолунун 945-чакырымында 35 жаштагы жарандын башкаруусу менен бара жаткан "Митсубиси" унаасы дагы бир "Митсубиси" иномаркасы менен сүзүшкөн.

Жыйынтыгында кыргызстандык айдоочу жана 20 жаштагы жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми 43 жаштагы башка жүргүнчүсү ооруканага жеткирилген. Экинчи унааны башкарып бара жаткан жергиликтүү тургун жабыркаган эмес. Анын 35 жаштагы жүргүнчүсү ооруканага жеткирилген.

Каза болгон жарандардын денелери өлүкканага жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...