Акыркы макалалар

Самаков ЮНЕСКОнун башкы директору менен маданий мурастар тууралуу пикир алмашты

24-ноябрдан 28-ноябрга чейин Парижде өткөн ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин IX отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков ЮНЕСКОнун генералдык директору Ирина Бокова менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында тараптар маданий мурастарды каттатуу, аларды сактоо жана коргоого алуу туурасында пикир алмашышты.

Депутат Самаков кыргыз элинин бай маданий мурастарын аздектеп сактоо, ар тараптан иликтөө мамлекеттик саясаттын артыкчылык берилген багыттарынын бири болуп кала берерин, маданий мурастардын объектилерин сактоо мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө көмөктөш болорун белгиледи.

Ошондой эле ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Кыргызстан менен ЮНЕСКОнун кызматташтык мамилелери ийгиликтүү улантылаарына бекем ишенерин билдирди.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...