Акыркы макалалар

Курал саткан дүкөндөргө тыюу салынат

Жогорку Кеӊештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинде курал саткан юридикалык жактардын ишин жөнгө салууну ыраатташтырууга багытталган мыйзамдын долбоору каралып, талкуу жыйынтыгында парламенттин кароосуна биринчи окууда алып чыгуу чечими кабыл алынды.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, билим берүү мекемелеринде, тамактануу жайларында, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жайгашкан имараттарда курал алып жүрүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирди. Эми ошол жайлардын аймагында курал сатуу менен алектенген юридикалык жактардын дүкөндөрүнүн жайгашуусуна тыюу салуу демилгеси көтөрүлүүдө.

ИИМ маалыматына караганда, өлкө аймагында курал саткан дүкөн болсо, алардын сегизи Чүй облусунда жана Бишкек шаарында жайгашкан. Мисалы, «Эделвейс» курал сатуу дүкөнү он жылдан ашуун мезгилден бери Бишкек шаарындагы №64 мектептин имаратында турат. Бишкек шаарынын мэриясы ижара келишимин апрель айында эле токтотконуна карабастан, ал имараттан чыгып кетүүдө баш тартууда.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...