Акыркы макалалар

Президент партияларга шайлоо босогосун 10 пайызга көтөрүүнү демилгеледи

Президент Алмазбек Атамбаев 1-декабрда телеканалдардын бириндеги маегинде парламентке жалпы шайлоочулардын 10 пайыздан кем эмес добушун алган партиялар гана келиш керектигин билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш үчүн 5 партия көптүк кылат.

- Дүйнөлүк практикада парламентинде 2-3 гана фракция бар өлкөлөрдө туруктуулук сакталып жатат. Бизде 5 фракция болуп, башаламандыктар орун алып жатат. Ошондуктан парламентке эң көп дегенде 4 партия гана өтүшү керек, - деди өлкө башчысы.

Президенттин демилгеси ишке ашуусу үчүн Шайлоо кодексинин өзгөртүлүшү шарт. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо жалпы шайлоочулардын 5 пайыздан кем эмес жана аймактык 0,7 пайыздык босогодон өткөн партиялар парламенттен орун алган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...