Акыркы макалалар

Компаньон Финансылык Уюму жайыттарды сактоо демилгеси үчүн сыйлыкка ээ болду

2014-жылдын ноябрь айында Компаньон Борбордук Азияда микрокаржылоодо жетишкендиктери үчүн Европалык сыйлыкты алган алгачкы уюм болду.

Европалык сыйлык финансылык институттарга микрокаржылоодо мыкты тажрыйбаларды илгерилетүү максатында инновациялык идеялар үчүн берилет.

Быйыл Европада бешинчи ирет өткөн "Микрокаржылоо жана айлана-чөйрө" аттуу сыйлыкка катышуу үчүн 19 өлкөдөн 26 уюм катышып, глобалдык экологиялык көйгөйлөрдү чечүү боюнча жаңы жолдорду издөөгө багытталган долбоорлорун сунуштады.

Уюштуруучулар белгилегендей, айлана-чөйрөдөгү өзгөрүүлөр биринчи кезекте өнүгүп жаткан өлкөлөрдөгү эң жакыр катмарларга таасирин тийгизет. Мындан улам катышуучулар мындай өлкөлөрдөгү каржылык абал экологиялык туруктуулукту камсыз кылууга таасирин тийгизерин көргөзүштү.

Конкурста Компаньон жайыттарды сактоого жана жердин начарлануусун азайтууга максатталган "Жайыттарды башкаруу" демилгесин сунуштады. Сунушталган программанын мааниси - жер айыл тургундары үчүн негизги кирешенини булагы, ал менен бирге жайыт жерлердин 70% деградация абалында болгону сыяктуу себептер менен түшүндүрүлдү.

Айтып кетүүчү нерсе, Компаньон өз жамаатында 32 жогорку квалификациялуу агроном жана ветеринар камтыган Кыргызстанда жалгыз микрокаржылык уюм. Алар айыл тургундарын билим менен камсыз кылып жааматтардын каржы стабилдүүлүгүн жогорулатат.

Каржы өнүмдү жана ылайыктуу билим берүү программасын тартуулап, "Жайыттарды башкаруу" демилгеси адамдарга жайыттардын деградациясы маселесин чагылдыруу максатын көздөйт. Программа башталган 2011-жылдан бери Компаньондун 24 000ден ашык кардары билимге ээ болду, алган билимдин жардамы менен айыл тургундары химиялык жер семирткичтерди колдонууну 18%га төмөдөтүп, мал сатуудан кирешелерин 30%га көбөйтө алышты.

"Компаньон экологиялык көйгөйлөрдү жана жайыттарды рационалдуу колдонуу суроолорун комплекстик, этно-экологиялык ыкма менен чечүү жолдорун чагылдыруу жаана жайылтууга көп маани берет. Анткени жайыттар Кыргызстанда бардык айыл чарба жерлердин 89 %ын түзөт. Бул жогорку даражадагы сыйлык - биздин ишмердигибизде өнүктүрүү демилгелерине көңүл буруп - туура жолдо баратканыбыздын көрсөткүчү", - деп белгиледи Компаньон Финансылык Уюмунун төрагасы Уланбек Термечиков.

Финалисттердин катарына үй чарбалар үчүн энергоэффективдүү жылытуу шаймандарды сунуш кылган Монголиядагы XacBank банкы кирди. Кийинки финалист болсо суу тазалоочу фильтрлерди жана абаны кирдетпеген мештерди сунуштаган Индиядагы ESAF Microfinance and Investment аттуу микрокаржы институту болду.

Европадагы бул сыйлык ар эки жыл сайын Люксембург Тышкы Иштер Министрлиги жана Европалык иштери, Европа Инвестициялык Банк, микрокаржылоо боюнча Люксембург тегерек үстөлү жана 14 эл аралык каржы институтун бириктирген Европа микрокаржы платформанын (e-MFP) көмөгү менен ишке ашырылат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...