Акыркы макалалар

Кыргызстан Россияга суткасына бир миң тонна айыл чарба азыктарын жөнөтүүдө

Кыргызстан Россияга 340 тоннадан ашык айыл чарба азыктарын экспортко чыгарууга үлгүрдү. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев билдиргенин "КирТАГ" маалымат булагы кабарлайт.

"1-ноябрга карата Россияга 340 тоннадан ашык айыл чарба азыктары экспортко чыгарылды. Суткасына бир миң тоннадан ашык айыл чарба азыктары жөнөтүлүүдө. Дүйшөмбү күнү башында өкмөт башчысы турган делегация Москвага учабыз. Делегациянын максаты - россиялыктардын биздин азык-түлүккө талабы кандай экенин билүү",-дейт министр.

"Россиянын Батыш өлкөлөрүнө карата киргизген чектөөлөрүнөн пайдаланып калышыбыз керек",-деп кошумчалады ал.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...