Акыркы макалалар

Махмуд Кашгари атындагы аңгемелер сынагынын жыйынтыгы чыкты

Эл аралык Түрксой уюму жана Евразия жазуучулар бирлиги уюштурган эл аралык Махмуд Кашгари атындагы аңгемелер сынагынын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” сынактын калыстар тобунун жооптуу катчысы, “Жаңы Ала-Тоо” адабий журналынын баш редактору Айдарбек Сармамбетов билдирди. Анын айтымында, аталган сынак ар эки жылда түрк тилдүү өлкөлөрдө уюштурулуп турат. Ал улуттук жана эл аралык болуп эки баскычта өтмөкчү.

Быйылкы улуттук сынактын жыйынтыгына ылайык, биринчи орунга жазуучу Жылкычы Жапиевдин “Бейиш Тоо” аттуу аңгемеси татыды. Экинчи орун Абдилахат Курбан уулунун “Анар” деген аңгемесине, үчүнчү орун “Азаттык” радиосунун таңкы берүүлөрүнүн жана интернет сайтынын редактору Шайырбек Эркин уулунун “Жарык” аттуу аңгемеси үчүн ыйгарылды. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи эртең Бишкекте өтөт.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...