Акыркы макалалар

2 млн сомду мыйзамсыз чегерген банк кызматкери кармалды

"Росинбанктын" Ысык-Көл облусундагы бөлүмүнүн кызматкери 1 млн 917 миң сомду мыйзамсыз чегергени тууралуу факты аныкталды. Бул жөнүндө Мамлекеттик экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облусттары боюнча бөлүмү билдирди.

Аталган банктын кызматкери бул суммадагы акчаны нотариус аркылуу өзүнө ыйгарып алган. Учурда ага карата ККнын 166-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Териштирүү иштери уланууда.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...