Акыркы макалалар

Сүлүктүдө шахтада ууланган төрт адам ооруканага түштү

Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Сүлүктүдөгү шахтадан жалпысынан жети адам ууланып, алардын төртөө ооруканага түшкөн. Учурда эки адам реанимацияда жатат. Кырсыктын себептери териштирилүүдө.

Буга чейин Баткендеги шахталарда коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан улам ар кыл кырсыктар катталып, адам өмүрүнө зыян келген учурлар болгон.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...