Акыркы макалалар

Э.Жумалиева:«Орусияга салынып жаткан санкциялардын таасири Кыргызстанга да тийбей койбойт»

КР Өкмөтү да, депутаттар да Кыргызстандын Бажы бирлигине кошулуусуна жана экономика жаатындагы, асыресе салык мыйзамдарына байланыштуу демилгелерди парламенттин кароосуна киргизип жатканда, сөзсүз түрдө АКШ менен Евробирлик өлкөлөрүнүн Орусияга карата салынып жаткан санкцияларынын Кыргызстандын экономикасына тийгизе турган терс таасирлерин эске алууга тийиш. Муну эстен чыгарбаш керек. Бул тууралуу депутат Элмира Жумалиева Жогорку Кеңештин «Ар түрдүү маселелер» бөлүгүнүн жүрүшүндө билдирди.

«Орусияга салынган санкциялардын таасири Кыргызстанга да тийбей койбойт. Мына, бизде электр кубатынын наркы көтөрүлдү. Айрым товарлардын баасы 20 пайызга чейин жогорулады. Орусиянын өзүндө да бюджет түзүүчү ири компаниялардын кирешелери кескин кыскарып жатат. Газ менен күйүүчү майдын баасынын көбөйүшү күтүлүүдө. Алардын баасы бизде көтөрүлбөйт деп эч ким кепилдик бере албайт. Демек, экономика жаатындагы мыйзам долбоорлорун караганда, аны эске алышыбыз керек»-деп кошумчалады депутат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...