Акыркы макалалар

Кургак учук жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин саны 28 адамга жетти

Кыргызстан боюнча 2014-жылдын 8 айында кургак учук менен 28 медицина кызматкери ооруп калган. Бул тууралуу "ВБ"га Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Ведомстводон кабарлашкандай, ооруп калгандардын 11и - профилактикалык текшерүү учурунда белгилүү болгон, 17 киши - өздөрү кайрылышкан. Оорунун өпкөнү жабыркаткан түрү 21 бейтапта катталып, башка органдары кургак учук болгон учур 7 кызматкерде аныкталган.

Оору жуктуруп алгандардын ичинен кургак учукка каршы дарылоо-профилактикалык мекемелеринде иштегендердин саны 5 адам, жалпы дарылоо түйүндөрүнүн кызматкерлери - 23 болсо, алардын бешөө-дарыгерлер, он сегизи орто билимдүү медициналык персоналдар.

"Азыркы учурда каттоого алынгандардын ичинен 23 адам дарыланып жатат, 5 медкызматкердин дарылануу курсу аяктады",-деп маалымдашты министрликтен.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...