Акыркы макалалар

Бишкекте жана Кара-Балтада нан 1 сомго кымбаттады

Бишкекте жана Кара-Балтада КирТАГ жүргүзгөн мониторинге ылайык нан, картошка, макарон азыктарына болгон баанын көтөрүлүшү байкалууда.

Бирж ума мурда ак бөлкө 17 сом болсо, бүгүн, шейшмбиде, 18 сомго чыккан. Картошка 25-30 с\кг кымбатаган, макарон азыктарынын баасы 5 сомго кымбаттады.

Сабиз 25 срм\кг сатылууда, пияз - 30 сом/кг, кумшекер – 55 сом/кг, алма – 70 сом/кг, 1-сорттогу нан – 43 сом/кг,жогорку сорттогу – 45 сом/кг, өсүмдүк майы - 90-95 сом/л, кой эти-350 сом/кг, уй эти – 390 сом/кг.

Кара-Балтада нан азыктарын жеткирүүчүлөр нандын баасын 1 сомго көтөрүшкөн. Жеткирүүчүлөр муну ундун баасынын көтөрүлүшү менен түшүндүрүшүүдө. Бир апта мурда 400 граммдык ак бөлкө нан 16 сом болсо, учурда – 17 сом, боз нан 13 сом болсо, бүгүн – 14 сом.

КР өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Кеңешбай Тайлаков белгилегендей, жакынкы аралыкта нан баасынын кескин жогорулоосу болбойт.

«Нан болгону 0,5-1 сомго кымбатташы мүмкүн, биз жол бербейбиз кымбатташына. Импорттолуп келген азык-түлүк баасы доллардын курсуна жараша болот. Учурда биз базарлар менен тыгыз иштешип жатабыз, өзгөчө монополисттик ишмердүүлүктү алдына алуу, сатуучулар арасында өз ара макулдашып алып азык-түлүк баасын көтөрүү фактыларын жоюу жаатында», - деди К. Тайлаков.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...