Акыркы макалалар

Москвада кыргыз тилине арналган олимпиада болуп өттү

Москвада 22-ноябрда кыргыз тили жана азербайжан тили боюнча олимпиада болуп өттү. Иш-чараны Москва мамлекеттик лингвистикалык университети Кыргызстан жана Азербайжандын Орусиядагы элчилигинин катышуусунда уюштурду. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.

Олимпиадага Москвадагы мектептерден 30дан ашуун окуучу катышты. Кыргыз тили боюнча угуу, лексика, грамматика, окуу жана "Мен Кыргызстан жана кыргыздар жөнүндө эмне билем?" аталышындагы суроо-жооп болуп өттү. Катышуучулардын баары сертификат алышты. Бардык материалдар текшерилгенден кийин жеңүүчү аныкталат.

Эске салсак, олимпиада Москвадагы диаспоралардын тили жана маданияты боюнча жалпы жана орто кесиптик билим берүү жайларында окугандар үчүн өткөрүлөт. Аны Шаардык билим берүү департаменти колдоого алган.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...