Акыркы макалалар

Машыгуу залы ачылды

Жакында Кара-Суу айылында спорттук машыгуу жайы ачылды. Ачылуу аземине район акими Жылдызбек Шералиев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Молдош Чакиев катышып, «Ак жолтой жайдан болсун»-деген аруу тилектерин жолдошту.

Аны жүзөгө ашырууга район акиминин биринчи орун басары Алымбек Мамырбаев райондук кеңештин депутаты болуп турганда демилгечи болуп, республикалык түрткү берүүчү гранттан 1 млн. 924 миң сом которулган. Каражатка Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин эски имараты капиталдык ремонттон өткөрүлүп, иштердин бүткөрүлүшүн Алымбек Мамырбаев менен Саралаев Сатыбалды колго алышкан. Спорттук залда бокс, күрөш, машыгуу залдары жайгашкан.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...