Акыркы макалалар

Өткөн жылы Швейцариядан 12,5 млн долларлык түз инвестиция тартылган

2014-жылдын январь айынан сентябрь айына чейинки аралыкта Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы товар жүгүртүү 304,3 млн. АКШ долларын түзгөн. 2013-жылы Кыргызстанга Швейцариядан 12,5 млн долларлык түз инвестиция тартылган. Бул тууралуу өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев 22-ноябрда Швейцариянын президенти Дидье Буркхальтерди кабыл алган учурда айтылды.

Өкмөттүн аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү кабарлагандай, Оторбаев эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык байланыштардын динамикасы оптимизмди пайда кылып жатканын айтты.

"Биз ачык экономиканы куруп жатабыз, транзиттик коридорлор ачык, чегаралар ачык. Инвестициялык климатты жакшыртуу, коррупция менен күрөшүү, эл аралык рейтингдердеги позицияларды жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз. Кыргызстан Бажы биримдигине кирип жатканын эске алуу менен швейцариялык ишкер чөйрөлөр Кыргызстандын экономикасына акчаны активдүү инвестициялай алышмакчы",-деп белгилеп өттү өкмөт башчысы.

Өз кезегинде Дидье Буркхальтер Швейцария дагы Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...