Акыркы макалалар

Turkvizyon-2014 сынагында Казакстан жеңишке жетти

Татарстандын борбору Казанда өткөн Turkvizyon-2014 сынагында баш байгени казакстандык ырчы Жанар Дугалова жеңди. 2-орунду Татарстан, 3-орунду Башкортстан ээледи. Кыргызстандан барган Non-Stop дуэти 4-орунга илинген.

Сынакка 15 катышуучу катышкан. Бул сынакта жеңүүчү көрүүчүлөрдүн добушу менен эмес, калыстар тобунун чечими менен аныкталат. Түрдүү мамлекеттерден келген калыстар тобунун катарында Кыргыз эл артисти Гүлнур Сатылганова да бар.

Turkvizyon - түрк тилдүү өлкөлөрдүн ырчыларынын арасында жыл сайын өтчү музыкалык сынак. Turkvizyon-2015 келээрки жылы Түркмөнстандын Мары шаарында өтөт.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...