Акыркы макалалар

Депутат Д.Ниязалиева жер титирөөдөн жабыркаган Тоң районунун тургундарынан кабар алат

21-ноябрда Жогорку Кеңешинин депутаты Дамира Ниязалиева Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы жаратылыш кырсыгы болгон жер титирөөдөн жабыркаган тургундар менен жолугушат. Эл өкүлү шайлоочуларынын абалы менен жеринен таанышып кайтмакчы. Жолугушуу Той районунун Бөкөнбаев айылындагы маданият үйүндө болот. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 14-ноябрында Кыргызстанда жер титирөө болуп, анын эпицентри болуп Ысык-Көл облусунун түштүк аймагы катталган. Райондун Тосор, Кажы-Сай, Бөкөнбаев айылында жер титирөө 7 баллга чейин жетип, айрым мектептерде, бала бакчаларда, үйлөрдө жаракалар пайда болгон.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...