Акыркы макалалар

Жогорку Кеңеште Кыргызстанга баардык унаа түрлөрүн алып келүүгө жарым жылдык мораторий киргизүү сунушталууда

Жогорку Кеңеште Кыргызстанга баардык унаа түрлөрүн алып келүүгө жарым жылдык мораторий киргизүү сунушталууда. Бул сунушту КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина жума күнү КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.

«Мен жок дегенде жарым жылга өлкөгө баардык унаа түрлөрүн алып келүүгө мораторий киргизүүнү сунуштайм. Учурда өкмөт оң рулдуу унааларды алып келүүгө тыюу салуну сунуштап жатат, кандайдыр бир убакытка баардык эле унааларды алып келүүгө тыюу салсак туура болмок», - деди Карамушкина.

Депутаттын пикиринде, өлкөдө ЖТК саны өсүүдө, алар оң рулдуу да сол рулдуу да унаалардын катышы менен болуп жатат.

«Бул өлкөдө эски унаалардын көбөйүшүнүн кесеспети. Кыргызстанда эски унаалар толуп кетти, ошондуктан ташып келүүгө мораторий жарыялообуз керек», - деп белгиледи ал.

Депутат Эркин Сакебаев демилгени колдоп жана эски унааларды «хлам» деп атады. «Эски оң рулдуу унааларды ташып келүүгө тыюу салуубуз керек, себеби алардын көпчүлүгүнүн колдонуу мөнөтү эбак аяктаган жана алар биздин өлкөнү ыпыр-тыпырга толтурду», - деп колдоо сөзүн айтты депутат.

Белгилей кетсек, фракцияда өкмөттүн оң рулдуу унааларды ташып келүүгө тыюу салу демилгеси талкууланууда.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...