Акыркы макалалар

Россия КРдин жарандарын убактылуу ишке алуу жөнүндө келишимди колдоду

Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Федералдык миграция кызматы (ФМК) тарабынан даярдалган Кыргызстандын жарандарынын Россия Федерациясындагы убактылуу эмгек ишмердүүлүгү үчүн уюштурулган тандап алууну ишке ашыруу жөнүндө Кыргызстан менен түзүлгөн келишим долбооруна расмий кол койду. Бул тууралуу кечээ, 20-ноябрда "ИТАР-ТАСС" маалымдады.

Документ расмий күчүнө киргенден кийин ал тышкы эмгек миграциясынын процесстерин иретке келтирүүгө жана Кыргызстандан барган жумушчулардын социалдык, укуктук жактан корголуусуна мүмкүндүк түзөт деп болжолдонууда.

Мындан тышкары келишим Россияга иштөөнү каалаган кыргызстандыктардын санын эмгекке даректүү орноштуруу менен оптималдаштырууну көздөйт. Анын негизинде жумуш ишдөөнү каалагандар Россиядагы жумуш берүүчүлөрдүн тапшырыгы менен гана сунушалган жумушчу орундарга ишке кирмекчи.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...