Акыркы макалалар

Мирослав Ниязов президент Эмомали Рахмонго Ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Мирослав Ниязов Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго Ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Мирослав Ниязов Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүнү тездетүү керектигин, бул үчүн борбордук жана аймактык бийлик органдарынын алдында бир катар тапшырмалар турганын белгилеген.

Белгилей кетсек, Ниязов Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кызматына 2014-жылдын 2-июлунда дайындалган.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...