Акыркы макалалар

Бегималы Жамгырчиновдун 100 жылдык юбилейине арналган конференция өтөт

Эртең, 21-ноябрь күнү КРнын Улуттук илимдер академиясында көрүнүктүү окумуштуу, коомдук ишмер, академик, тарых илимдеринин доктору Бегималы Жамгырчиновдун 100 жылдык юбилейине арналган "Бегималы Жамгырчинов - Кыргызстандын көрүнүктүү тарыхчысы жана коомдук ишмери" аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүүдө. Бул тууралуу "Кабар ордого" КР УИАнан кабарлашты.

Конференцияга академиктер, окумуштуулар, саясий ишмерлер, илимий жана жарандык коомчулук катышат. Академик Бегималы Жамгырчиновдун Кыргызстандын революцияга чейинки жана совет доорундагы тарыхынын түйүндүү маселелерин изилдеген 150дөн ашык илимий эмгеги бар.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...