Акыркы макалалар

298 бажы кызматкери аттестациядан өтүштү

27- октябрдан 12- ноябрга чейин Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери аттестациядан өтүшкөн. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жалпы 298 кызматкер сынак тапшырып, мунун 269у "ээлеген кызматына ылайык келет" деп табылса, 28 кызматкер 6 айдан кийин кайра аттестациядан өтмөй болушту. Бир кызматкер "кызматына ылайык келбейт" деп табылган. Кайсы бөлүмдөн канча кызматкер сынак тапшырганы төмөндөгү тизмеде:

Борбордук бажы кызматы - 54 кызматкер

"Манас" бажысы - 16 кызматкер

"Түндүк" темир жолу бажысы - 23 кызматкер

Чыгыш бажысы - 39 кызматкер

Батыш бажысы - 12 кызматкер

Кесиптик жана кинологиялык даярдоо борбору - 12 кызматкер

Камсыздоо борбору - 22 кызматкер

Борбордук аппарат - 32 кызматкер

Түштүк-Батыш бажысы - 88 кызматкер

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...