Жогорку Кеңештин Унаа, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды. Эгер парламенттик жалпы жыйында ал колдоо таап, президент кол койсо, мыйзам күчүнө кирет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстандагы жол кырсыктарына негизинен оң рулдуу машинелер себеп болуп жатканын ИИМдин адистери белгилеп келишет.
Статистикалык маалыматтар боюнча өлкөдөгү машинелердин 35 пайызы оң рулдуу.
Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg
Азырынча бир да пикир жок...