Акыркы макалалар

Жалал-Абадда жаңгак фестифалы өтөт

Фестивалдын максаты - азайып бараткан жаңгак токойлорун сактап калууга коомчулуктун көңүлүн буруу жана түшүмдү дүйнөлүк маркетингге алып чыгуу. 22-ноябрга белгиленген иш чараны өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү “АгроЛид” ишканасы менен бирге эл аралык уюмдардын колдоосунда өткөрөт. Жаңгактардын түрлөрү эл назарына тартууланат.

Жалал-Абад облусунда соңку жылдары жаңгакты отун кылуу максатында кыйуу күч алганын, абал ушундай уланса, 40 жылдан соң токой жоголуп кетиши мүмкүн экенин экология жаатындагы адистер белгилеп келишет.

Аймактагы 19 миң гектар токойдун 4 500 гектарын жаңгактар ээлейт.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...