Акыркы макалалар

Ашкере байлыкка салык киргизүү керекпи?

Ашкере байлыкка салык киргизүү керекпи?

Өткөн жылы экс премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстанда ашкере байлыкка салык киргизүүнү сунуштаган.

Бул популисттик идея бардык жерде тарап жүрөт. Жакында Барак Обама ашкере байлыкка салык киргизиш керегин билдирген. Жакында бул жөнүндө Казакстанда да билдиришкен. Ал эми Орусияда, ашкере байлыкка салык киргизүүнү бир нече жолу аракеттенишкен. Бирок, эксперттер каршылык көрсөтүп жатат. Албетте, буга мындай салык зыян келтире турган калктын белгилүү катмары каршы туруп жатат.

Ашкере байлыкка салынга турган салык деген эмне?

Кызыктыра турган идея. Биздин элибиз адилетүүлүк идеясын абдан жактырат. Биздин элибизде адилетүүлүк деп теңдикти эсептейт. Бирок, акыркы убакытта адилетүүлүк деп социалисттик теңдикти эсептешкенин көп угуп калабыз, байлардан алып, кедейлерге берип, бөлүштүрөт. «Иттин жүрөгү» («Собачье сердце») фильминдегидей бул кандайдыр бир «шариковщина». Бирок, бизге белгилүүдөй, адилеттүүлүк деп кыргыз элинде адам өз эрки менен тагдырын чече турган жөндөмдүүлүгү бар экени эсептелинет.

Эгерде адам иштеп, өз эмгегинин жыйынтыгын алса, ал ошол эмгегине толук укугу бар. Ошондой эле, ал адам эмгенинин жыйынтыгын уруулаштары менен бөлүшүүгө да укугу бар. Кыргыз коомунда эч качан иштеп тапкан байлыкты бөлүштүрүү мажбурлоо түрүндө жана мыйзамдын күчү болгон эмес.

Чындыгында, өзгөчө социалисттик түрдө ой жүгүрткөн жарандарга тандоо эркиндигинин теңдиги түшүнүксүз. Алар жеңилдик менен бирдей бөлүштүрүү үчүн тандоо эркиндигин курман кылышат.

Келгиле, өнүккөн жана анча өнүгө элек мамлекеттердин замандаш популисттерине кайрылалы. Ашкере байлыкка киргизилген салыктын кандай таасири бар.

Пайдасынан зыяны...

АКШда бир убакытта олигархтар пропорциялык салык төлөгөнгө макул болушкан. Ал жакта, эгерде сен көп иштеп тапсан, пайыздык ставка көтөрүлөт. Бул жеке жактардын кирешесине тиешелүү. Корпорацияларга карата кандайдыр бир жеңилдиктер бар, ошондуктан корпорациялар бул жаңы оордука чыдап келишет.

Ал эми жеке жактар өз кирешесин жана чыгымын корпорациялардын эсебине жаздырганды жакшы деп табышат. Жалпы алганда, көп бизнесмендер көтөрүңкү пропорциялык салыктан качуу негизинде өз бизнесин мамлекеттин чегинен ары чыгарышат. Банк эсебин Гонконгто, Швейцарияда сакташат. Өндүрүү жагын Кытай, Камбоджа, Индонезия, Корея мамлекеттеринде уюштурушат. Ошондуктан, ашкере байлыкка киргизилген салык АКШны экономикасынан, мамлекеттин чегинен ары чыгарып алынган бир далай каражатынан кыстап ажыратат.

Францияга тийиштүү: Франсуа Олланд таап чыккан жетимиш беш пайызга көтөрүлгөн ашкере байлыкка киргизилген салык Франциянын көпчүлүк бай адамдарын Бельгия, Испания, Кипр, Мальта мамлекеттеринин жарандары болууга алып келген. Бай жарандар менен чогуу мамлекеттен капитал чыгарылган.

Орусияга тийиштүү: ал жакта өз эли, өз мамлекети каалаган күнү сталинизм режимин жандырып жана иштеп тапкан байлыкты экспроприация кылып жиберерин алдын ала көрө билип, Орусиянын көпчүлүк бай адамдары – олигархтар, чиновник-коррупционерлер Орусиядан чет өлкөгө капиталдарын чыгарып алышкан: Европада, АКШда, кичи Азия өлкөлөрүндө, Жакынкы Чыгышта, Дубайда дачалар, заңкайган тамдар, кымбат үйлөр, курорттук жайлар, тандамал кыймылсыз мүлктөрү бар. Банк депозиттери Кипрде, Кайман жана Виргин аралдарында бар.

Кыргыздын “ашкере байлары” орто тапбы?

Биздин чиновниктер да ашкере байлыкка киргизилген салыкты анча катуу сезишбейт. Ашкере байлыкка киргизилген салык бай адамдарга тийбей, орто таптагы адамдарга таасир бериши ыктымал.

Тажыйрба көрсөткөндөй, орто таптагы адамдар «понтко» оңой алданып, активдери жок, өзүнүн үй-бүлөсүн бакканга мүмкүнчүлүгү жок туруп, кымбат эмеректер, кийимдер, айланадагы шарттар – жашоодо ийгиликке жеткизет деп абдан кымбат машиналарды, кымбат буюмдарды сатып алышат. Так ошол адамдар ашкере байлыкка киргизилген салыктын азабын тартышат. Бул кошумча социалдык чыңалуу күчөйт, капиталдын жана инвестициялык каражаттардын Кыргызстандан агып чыгуусуна алып келет. Ошондуктан ашкере байлыкка салык киргизүү – бул популизм.

Бүгүн биздин мамлекетке, башка өлкөлөргө караганда, салык каникулу керек. Салыкты азайтуу, ар кандай түз жана кошумча салыктарды жалпы салыкка бириктирүү, ставканы он - он беш пайызга азайтуу бардык катмардын жарандарын тез байытууга алып келет.

Мамлекеттеги бизнестерге кошумча салык уюштуруунун ордуна, ошондой эле бюррократиялык мамлекеттик аппаратка кошумча коррупциялык ресурс жараткандын ордуна, мамлекеттин ач көздүгүн басаңдатып, социалдык жүктөмүн алып ташташ керек, ошондо акча да жетет.

Искендер Шаршеев, экономист

Эмил Үмөталиев, “Kyrgyz Concept” компаниясынын президенти

Түп нускага шилтеме : capital.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...