Акыркы макалалар

Бишкекте милиция кызматкерин атып, качып кеткен кылмышкер кармалды

Бишкекте милиция кызматкерин атып, качып кеткен кылмышкер кармалды

Бишкек шаарынын милиция башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөткөн кылмышкер кармалды. 42 жаштагы мурун соттолгон Александр Саякин коңшуларынын биринин жертөлөсүнөн табылганын.

Маалыматка караганда качып жүргөн А.Саякинди кармоо учурунда милицияга куралдуу каршылык көрсөтүп, качып бараткан. Оперкызматкерлердин бири анын жолун торой чыга калганда, Макаров тапанчасынан ок чыгарган.

Милициянын 28 жаштагы оперкызматкери Бакай Сыдыков алган жаратынан улам каза тапты. Ал кылмышкер качып бара жатканда бутка атып, жарадар кылууга үлгүргөн.

Буга чейин куралды, ок-дарыны мыйзамсыз алып жүргөнү, сактаганы үчүн 4 жылга соттолгон Александр Саякин быйыл 11-октябрда түрмөдөн качып чыккандан бери изделип жаткан.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...