Акыркы макалалар

Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында маал-маалы менен электр жарыгы өчүрүлөт

Эртең, 15-ноябрда аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө жана Манас чоң көчөсүндө жарык өчүшү мүмкүн.

Ал эми 16-ноябрда Исанов, Фрунзе көчөлөрүндө, Москва көчөсүндөгү №190 көп кабаттуу үйдө №427, 1497, 2082 трансформаторлорун оңдоо иштерине байланыштуу электр энергия үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

17- ноябрда Бишкек шаарынын Тажик, Туюк, Партизан, Бакаев, Январь, Гатчинск, Товарный, Кайназарова, Брестская, Волкова, 9-январь, Дэн Сяопин, Садыгалиев, Нежная, Кустанайский, Владимирск, Патрис Лумумба, Власова, Троицкая, Ильменская, Фучик, Ленский, Ахунбаев, Жукеев-Пудовкин, Бектенов, Скрябин, Шүкүров, Жантөшов көчөлөрүнө, Орский тар көчөсүнө “акылдуу” эсептегичтердин орнотулушуна байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.

Ушул эле күнү Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка (Родниковая, Южная, Марата, Ала-Арча, Новая, Кара-Суу, Түлөбердиев, Виноградная, ЖАш Гвардия, Совхоз, Школьный, Жапарова көчөлөрүндө), Кырман, Учкун, Лебединовка (Чүй, Түштүк, Нарын, Манас көчөлөрүндө), Бер-Булак, Арчалы, Байтик, Көк-Жар (Достук, Көк-Жар, Шабдан баатыр, Коңур Осмон, Элебаев, Үмүталиев, Маликов, Матыев, Нурмамбетов, Бишкек, Арпачиев, Полевая көчөлөрүндө жана Панорама тарапта), Васильевка, Полевое, Винаградный, Прибойный, Октябрь (МТФ), Таш-Дөбө (дачалар) айылдарында жана Кырман (ул. 44 га) конушунда, Сокулук районуна караштуу Сокулук, Романовка (батыш тарап) айылдарында электр чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...