Акыркы макалалар

КТРКнын Байкоочу кеңешине талапкерди көрсөтүү үчүн сынак жарыяланат

Бүгүн, 11-ноябрда Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңешинин мүчөсүнүн бош кызмат ордуна конкурс жарыялоо жөнүндө маселе каралды.

"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" мыйзамына ылайык, КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн үчтөн бири Жогорку Кеңеш, үчтөн бири президент, үчтөн бири жарандык коомдор тарабынан тандалат.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Эрнст Абдыжапаров жарандык коомдор тарабынан сунушталган. Анын жеке өтүнүчүнүн негизинде 2014-жылдын 9-октябрында Жогорку Кеңештин токтому менен Байкоочу кеңештин курамындагы ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

Буга байланыштуу, Жогорку Кеңештин аталган комитети КТРКнын Байкоочу кеңешиндеги бош кызмат ордуна талапкер көрсөтүү боюнча жарандык коомдорго сынак жарыялоо боюнча чечим кабыл алды.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...