Акыркы макалалар

Кыргызстанда 2017-жылы 6 млрд кВтс электр кубатынын тартыштыгы күтүлүүдө

Кыргызстанда 2017-жылы 6 млрд кВтс электр кубатынын тартыштыгы күтүлүүдө. Бул тууралуу экономика министри Темир Сариев шейшемби күнү экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында билдирди.

«Кыргызстанда 2017-жылы 6 млрд кВтс электр кубатынын тартыштыгы күтүлүүдө.. Өлкө экономикасынын өсүш темпин эске алуу менен бул көрсөткүчтөр мындан да жогору болуусу мүмкүн», - деди ал.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө эле 2 млрд кВтс электр кубаты тартыш, энерготармактагы катаал абалды эске алуу менен өкмөт электр кубатын импорттоо маселесин чечүүдө, ошондой эле тарифтик саясат да кайрадан каралмакчы.

Түп нускага шилтеме : www.kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...