Акыркы макалалар

Кыргызстандык дизайнер iPhone 8 смартфонунун концептин иштепи чыкты

Кыргызстандык дизайнер iPhone 8 смартфонунун концептин иштепи чыкты

Өзүн Steel Drake каймана ат менен атаган Кыргызстандык дизайнер iPhone 8 смартфонунун концептин иштепи чыкты.

«Мен жаңы дизайндын үстүнөн эки жума иштеп чыктым. Бирок жаңы концепцияны эми гана жарыялоону чечтим. Мага iPhone смартфонунун тышкы түспөлү жакпагандыктан, дизайн толугу менен өзгөртүп чыгууну чечтим. Мен жаңы коцепцияда белгилүү смартфондун тышын өзгөрттүм», - деп билдирди КирТАГга дизайнер.

Анын айтымында, ал өзү ойлоп тапкан үлгүнү азырынча иштеп чыгуучуларга жөнөтө элек, бирок жакында жиберүүнү пландап жатат.

«Менин көптөгөн долбоорлорум бар, азырынча иштеп чыгуучуларга жөнөтүүгө убакыт жок. Алар дизайндан баш тартышы же кабыл алышы мүмкүн. Мен өзүм ойлоп тапкан iPhone 8 версиясын алгалатууга аракет кылам», - деди ал.

Түп нускага шилтеме : www.kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...