Акыркы макалалар

Кыргызстандын тышкы соода айлантуусу 3,4%га төмөндөдү

Кыргызстандын тышкы соода айлантуусу 3,4%га төмөндөдү. Бул тууралуу статистикалык маалымат таратуу жана жыйынтыктуу иштер бөлүмүнүн жетекчиси Чинара Турдубаева шейшемби күнү маалымат жыйынында билдирди.

«Республиканын тышкы соода айлантуусу 2014-жылдын 9 айында $5,1 млрд түзүп жана өткөн жылга салыштырмалуу, 3,4%га төмөндөгөн», - деди Ч. Турдубаева.

Анын айтымында, тышкы соода айлантуунун көлөмүнүн төөмөндөөсү республикага импорттук түшүүлөрдүн (газ жеткирүү, авто унаа бензин, дизелдик отун, авиакеросин, бут кийим, унаа жана унаа жабдыктары) азайышы менен негизделет.

Түп нускага шилтеме : www.kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...