Акыркы макалалар

Басма сөз күнү: Сөз – улуу, таасирдүү курал!

Басма сөз күнү: Сөз – улуу, таасирдүү курал!

7-ноябрь Кыргызстанда Маалымат жана басма сөз күнү белгиленди

Басма сөз күнү: Сөз – улуу, таасирдүү курал!

Дал ушул күнү 1924-жылы туңгуч кыргыз тилдүү "Эркин-Тоо" гезити (азыркы "Кыргыз туусу") чыга баштаган. Бул дата жалпыга маалымдоо каражаттарынын, радио жана телеберүүнүн, басмакананын бардык кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары 1993-жылдын 1-ноябрында кыргыз өкмөтүнүн атайын токтому менен бекитилген.

Бул макаланы жазууга 7-ноябрь күнү кечинде КТРКдан белгилүү журналист Байма Сутенованын "Демократия сабактары" аттуу публистикалык теле берүүсү түрктү болду. Анда эгемендиктин шарапаты менен Аскар Акаевдин туңгуч президент болуп шайланышы,Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун бата берип жаткан сөзүнө маани бербей турганы, алгачкы жылдардагы ишмердиги, оош-кыйыштары тууралуу даректүү баяндалып жаткан. Майрам Акаева, кыз-күйөө, балдары кийлигише баштаганы тууралуу жаңы кеп кылып жатканда, теле берүүсү шарт үзүлүп, учурда дагы цензура бар экендиги, сөз эркиндиги деп дале ооз көптүрүп айтып келатканыбыз айкын билинип, кимдир бирөөлөрдүн кийлигүүсү менен көрсөтүү соңуна чыкпай, марага келаткан күлүктү мүдүрүлткөндөй кылышып, КТРК туура 20 мүнөт кайра-кайра жадатма реклама берип туруп алышканын көрүп, мен дагы калем кармап, өз ойлорумду билдирүүгө аргасыз болдум.

Чынында эле жыл бою өлкөнүн, жарандардын көңүл жылыткан кубанычын, жүрөк титиреткен кайгысын, убайым тартырган кейишин, ар кыл тармактагы адамдардын жан дүйнөсүн, ийгилигин, кемчилигин, азабын, түйшүгүн казып, тажабай жаза берген, коомчулукка жеткирген биздин кесиптештердин мээнети айрым учурларда ушунтип бааланбай, баркталбай калганына ичиң ачышат экен. Күн сайын электр жарыгындай коомчулукка маалымат таркаткан журналисттер үч адамдан алкоо укса, беш адам тескери карайт же жебериңе жеткире сөгүп, же тилдейт. Мына ушундай биздин журналисттик турмуш. Кээде аргасыз күлөсүң да, кээде жаның түтөп күйөсүң. А биздин көр-тирлик, жашоону, жан дүйнөнү аңтарып, бир күн да болсо алкап, мактап, ысык-суугубузга күйгөн эч ким жоктой. Ушул кесиптик майрам күнү биздин иш-аракеттерибизди билген көңүл буруп, каалоо-тилектерин айткан айрым коомдук уюмдарга, журналисттик кошундарга, биздин "казанда" кайнап калган кесиптештерге миң мертебе ыраазыбыз! Чынында эле, биз, журналисттер болбосок коом кантмек? Быкшып, түтөп, жалбырттап күйө албай жаман болмок окшойт дейм да. Себеби, кээде биз "чыга албай турган көз эле" демекчи акырын күйгөн отко май чачып жиберип, коомчулукту дүрбөлөңгө салып, айрымдардын былыктарын жарыялап, кур дүрмөт болгондордун чыныгы жүзүн ачып жатпайбызбы. Анча-мынча эл-журт билбесе деген, көрүнбөгөн нерселерди көзгө сайып көргөзүп, айтып, деп, кээде уулуу кара чаар жылаанды мындай кой ажыдаарлардын да куйругун басып алган учурлар кездешет. Эми бизди ким гана эмне деп айтпайт. Кабарчы деген атыбызга нелерди гана жабыштырып, кээде ушакчы, шыбакчы,калпычы да аталдык. Айрым учурда андайга өзүбүздүн арабыздагы кесиптештер да шыкак берген учурлар болду. "Бир карын майды бир кумалак чиритет" дегендей бизге көө жапкандар, журналистиканын этикасын билбегендер, билсе да мамлекет кызыкчылыгынан өз кызыкчылыгын жогору койгон калемдештерибиз чыкты. Эмне дейли, кой аксагы менен миң дегендей, коомчулук кимдин ким экенин, кандай кырдаалда чыныгы жүзү ачылып калаарын таразалап алышаар…Бирок, ар дайым биздин куралыбыз-калыстык, жоопкерчиликтүүлүк, чынчылдык, акыйкаттык, намыстуулук жана жүрөктүүлүк болсо дейм.

Себеби, биздин өлкө татаал мезгилди башынан өткөрдү жана ушул күндөрдөгү коомдук атмосфера биздин акыл кошкон сөздөргө, объективдүү материалдарга жана ар тараптан такталган позицияга байланыштуу болуп турат. Учурда биз даярдаган материалдар коомдун биримдигине, тынчтыгына жана ынтымагына данакер болсо, калпыс сөз капсалаңга шыкак бербесе дейм.

Себеби, соңку жаңы тарыхта ойлонбой туруп айтылган, же басмага чыккан сөздөн нечен жолу улуттар арасындагы жек көрүү оту тутанып, кырды-бычак болгону учурлар кездешти. Сөз – улуу, кудуреттүү жана таасирдүү курал! Ал адамдарды бириктире да алат, ажырата да алат. Албетте, өлкөнүн бүтүндүгү көп факторго байланыштуу, бирок кээде журналисттин сөзү абдан салмактуу, абдан таасирдүү болуп келгени, коомчулукту оң-тетирге буруп жиберүүгө кудуреттүү экенин тарых далилдеп келет.

Учурда биздин өлкөнүн негизги жетишкендиктерибиздин бири – бул сөз эркиндиги. Бирок, эркиндик жоопкерчиликти дагы, билимди дагы талап кылат эмеспи. Журналисттин негизги милдети – бул чындыкты айтуу, ал эми анын кантип айтканы – бул анын ыймандуулугуна, кесипкөйлүгүнө жараша болот.

Чынында биз, журналисттер башты тобокелге сайып койгон адамдарбыз. Анткени биздин милдети адамдар, өлкөдөгү окуялар жөнүндө эч нерсени жашырбай, кандай болсо ошондой айтып берүү. Мурунку үй-бүлөлүк-кландык режимдер мезгилинде бийликтегилер ар түрдүү жолдор менен, анын ичинде күч колдонуу менен болсо дагы журналисттер коррупциялык схемаларга көз жумуп жана бийликтин кылмыш иштерин катардагы популисттик макалалар менен жаап-жашырып турушуна жетишкен кырдаалды да баштан кечирдик. Ошондо дагы бул режимдерге каршы турган эр жүрөк журналисттер болду. Мындай адамдар үчүн эң баалуу нерсе – бул сөз эркиндиги жана өз позициясынан тайбастыгы, көз каранды эместиги. Алар сөз эркиндигине колдоруна автомат алып күрөшкөн жок, басма сөз жана камерага, коомчулукка айтылган сөз менен күрөштү.

Азыркы заманда адамзат маалыматсыз жашай албайт. Андыктан, маалыматты так, калыс жеткирүү биздин аракетке жараша болору бышык.

Ошондуктан "жети жолу өлчөп, бир жолу кес" дегендей маалымат таратууда калыстык менен адилеттүүлүктү ар дайым биринчи орунда турушу абзел.

Бийликтегилердин айтымында, сөз эркиндигин өркүндөтүү үчүн иш аракеттерди көрүлүп жатканы менен, бирок сөз эркиндиги оңой-олтоңго турбай, журналисттердин өмүрүнө кол салган фактылар да болгон. Айрым серепчилер, ыңкылаптан кийин өкмөттүк маалымат каражаттары бийликтин иш-аракеттерин мактоо менен чектелип, көпчүлүк учурларда калыс, тең салмактуу маалыматтар берилбей жатканын айтышууда. Алардын көз карашында массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлерине кийинки мезгилде коркутуу, сотко берүү фактылары да көбөйүүдө. Серепчилердин баамында, массалык маалымат каражаттарына бийлик дагы эле түздөн-түз кийлигишип, өзүнүн өктөм саясатын жүргүзүүдө. Байкоочулар бийлик тараптан массалык маалымат каражаттарына кысым көрсөтүлбөй өлкөдөгү саясий-экономикалык, социалдык маселелер тууралуу маалыматтар айкын, ачык, калыс чагылдырылып туруусу зарыл экендигин айтышууда.

Союз мезгилин айтпаганда да, Кыргызстан жыйырма жылдан ашуун эгемен жашоосунда көз карандысыз маалымат каражаттары көптөгөн кыйынчылыктарды, кысымдарды баштан өткөрдү.

Эгемендиктин 23 жылында өлкөнү кимдер башкарбасын, баары эле президентик мөөнөтүнүн биринчи жылдарында массалык маалымат каражаттарын жонунан сылап ооздугун кое беришип, анан кийинки жылдары акырындап бурамасын бурап, ооздуктоого аракет кылып келатат. Аскар Акаев мезгилинде журналисттерди соттон-сотко сүйрөмөй, коркутуу-үркүтүү күч алса, Курманбек Бакиев режими ур-токмок, колу-бутун сындыруу, кугунтуктоо ыкмасын кеңири колдонгон. Роза Отунбаеванын 1,5 жылдык убактылуу башкаруусунда гана сөз эркиндиги бир кыйла өскөнүндөй таасир калтырган эле. Андан кийин келген учурдагы президент Атамбаев да жеткен жерде "ушакчысыңар, жакшыны көрбөйсүңөр" деп наалыганын жана анын кошоматчылары калем ээлерин катаал беренелер менен ооздуктоо аракеттерин көрө баштагандай маанай жаратты… Эмитен эле келээрки шайлоонун камын жеп, айрым маалымат каражаттарын "сатып" алып же менчиктеп, өз ойлорун таңылоого аракет кылган "ишмерлердин" дүбүртү байкалууда…

Учурда Кыргызстанда гезит-журнал, теле-радиосу деп миңден ашуун массалык маалымат каражаты катталган, алардан башка ондогон веб-сайттар бар. Алардын жана аларда иштеген журналисттердин кызыкчылыгын коргоо үчүн "Медиа Полиси" фонду, "Журналисттер" коомдук бирикмеси, "Маалыматтык укук борбору" коомдук уюму, "Жаш журналисттер" кыймылы, "ЖМКларды колдоо борбору", "Кыргызстандын ЖМК кызматкерлеринин профсозу, ЖМКларга арыз-даттанууларды кароо комиссиясы сыяктуу коомдук уюмдар иш алып барат.

Медалдын экинчи тарабы бар дегендей, адистер Кыргызстанда Борбор Азиянын башка мамлекеттерине салыштырмалуу сөз эркиндиги бийик экендигине карабай журналистиканын сапаты төмөндөп кеткенин белгилешет. Алар журналистикада этикалык ченемдер менен принциптер көп учурларда сакталбай жаткандыгын айтышат. Буга мисал, учурда ЖМКларда ушакка негизденген же үстүртөн жасалган маалыматтар басымдуулук кылууда. Мындай маалыматтардын артында көп учурларда калың чөнтөктүүлөр, саясатчылар турушат. Азыркы ЖМКлардын кесипкөйлүгү төмөн бойдон калууда. Этикалык жана кесиптик стандарттар сакталбай жатат. ЖМКлар мурункудай эле саясатчылардын идеологиялык куралы катары кызмат аткарууган учурлар арбын. Себеби, мурда Кыргыз Улуттук Университетинде гана журналистика бөлүмү далай электен өткөрүп, чыгармачылык сыноолордон кийин гана күндүзгү бөлүмгө 25 студенти кабыл алып, дасыккан адистерден таалим алчу. Алардан кийин 7-8и гана журналистиканын жүгүн аркалап кетсе, калганы башка кесипке кайрадан адистешкен жагдайлар болчу. Учурда бир нече Жогорку окуу жайларда журналистик адистикти окутуп жатышат. Алар кандай деңгээлде билим алып жатышканы учурдагы журналисттердин дараметинен көрүнүп турбайбы?!

Анан дагы бир кызыктуу фактыны ортого салууну ыйлайык көрүп турам. Маалыматтарды карап отуруп, кыргыз басма сөз күнү 7-ноябрь 1924-жыл эмес, 11-июль 1922-жыл болушу керек деген пикирди окудум.

Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын "Шахтер жолу" гезити быйыл 92 жылдыгын белгиледи. Аталган басылманын башкы редактору Г.Абдуназарова билдиргендей, гезит 1922-жылы 11-июлда "Сүлүктүлүк тоо жумушчусу " деген ат менен чыга баштаган. Бул мезгил аралыгында гезит бир нече аталыштарга ээ болуп, учурда "Шахтер жолу" деген ат менен чыгууда.

Белгилей кетсек, 1993-жылдан бери Республикабызда маалымат жана басма сөз күнүн 7-ноябрда белгилеп келебиз. Бул кыргыз тилиндеги алгачкы басылманын - "Эркин Тоо" гезитинин (азыркы "Кыргыз Туусу" гезити) биринчи санынын 1924-жылы 7-ноябрда Ташкентте жарыкка чыгышы менен байланыштуу. Жакында эле "Кыргыз туусу" гезити 90 жылдык торколуу тоюун белгиледи.

Бул дата өзгөрүлбөйт болушу керек. Анткени бул кыргыз тилиндеги тунгуч гезит жаралган дата да. Ал эми "Сүлүктүлүк тоо жумушчусу" гезитинин алгачкы саны орус тилинде чыккан экен.

Жалпысынан алганда, Кыргыз жергесинде биринчи гезит 1913-жылы Каракол шаарында (мурдагы Пржевальск шаары) жарык көргөн. 1 миң нускада 16-18 бет болуп чыккан "Пржевальский сельский хозяин" гезитинде айыл-чарбасына байланыштуу материалдар жарыяланып турат экен. Гезиттин 4 саны чыккандан кийин жабылып калган.

Мурда жыл сайын совет доорунда 5-майда "Правда" гезитинин жарык көргөн күнү басма сөз майрамы катары белгиленип келген эле. Аны да унутпай эстей жүрөлү.

Себеби, "төртүнчү бийлик" деген тарыхый атка ээ болгон массалык маалымат каражаттары бүгүнкү күндө жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланып, чыныгы жаратмандык күчкө ээ болуп турат. Сөз эркиндиги – бул кыйын кезеңде саясый жана административдик басымдан тайсалдабай, чындыкты түз айткан эр жүрөк журналисттер болуп саналат. Басма сөз эркиндиги ошону менен бирге бизге өзгөчө жоопкерчилик жүктөп жатканын унутпасак. Ар бирибиз өз милдетибизди так аткарып, жеке саясий кызыкчылыктан бийик туруп, өлкөбүздүн тынчтыгы менен элибиздин ынтымагын көздөсөк Кыргызстандын келечеги кеӊ болот деп ишенем!

Баса, 7-ноябрда мен үчүн дагы күтүлбөгөн окуя болду. Ушул "Кабар ордо" интернет сайтына жарыялаган ар кыл темадагы макалаларымдын, быйыл Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн 17-Азия оюндарынын жүрүшүн чагылдырган репортаж, баяндамаларымдын негизинде "Журналисттер" коомдук бирикмеси, "Маалыматтык укук борбору" коомдук уюму, "Жаш журналисттер" кыймылы, "ЖМКларды колдоо борбору", "Кыргызстандын ЖМК кызматкерлеринин профсозу мага "Жылдын мыкты интернет кабарчысы" деген сыйлыгын тапшырды. Бул сыйлык мага дагы жоопкерчилик, спорт тууралуу кыргызча өзүнчө интернет-сайт ачууга милдеттендирип койду. "Кабар ордонун" жамаатына да ыраазычылыгымды билдирем.

Макешов Кабыл

Cпорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы, 8 олимпиаданын катышуучусу

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...