Акыркы макалалар

Токмок шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары эки жумадан бери суук үйлөрдө күн кечирип жатышат

Чүй облусунун Токмок шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары эки жумадан бери суук үйлөрдө күн кечирип жатышат. Бул тууралуу КирТАГга шаар тургуну Максат Жумабаев дүйшөмбүдө билдирди.

«Токмок шаарындагы күп кабаттуу үйлөрдүн көбүнчөсүнө эки жумадан бери жылуулук бериле элек. Жылуулук берүү сезонунун башында жылуулук бир нече суткага кечиктирилип берилди, кийин берди, бирок начар берилди, бир нече суткадан кийин жылуулук берүү таптакыр токтотулду», - деди шаар тургуну.

Жумабаевдин маалыматында, арызданган шаар тургундарына «Кыргызтуракжайкоммунэнерго» трубалар эскиргендигине байланыштуу, көптөгөн үйлөрдө жылуулук берүү системасы жараксыз абалга келгендигин жооп кылган. Ал эми оңдоо мөөнөтү жана жылуулук качан берилээри тууралуу маалымат берилген эмес.

Азыркы учурда, тургундардын айтымында, учурда жылуулук берилбеген батирлерде темпрература +10ºС түзүп турат.

«Бизде, үйдө кичинекей балдар бар, электр жылыткычтарды күйгүзүүгө туура келет, бирое анда да электр дарыгы өчүрүлүп, көйгөй жаралууда», - деп нааразычылыгын айтты шаар тургуну.

Түп нускага шилтеме : www.kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...