Акыркы макалалар

Бишкекте кыргыз илиминин патриархы Д.Маматкановдун китеп-сүрөт көргөзмөсү өткөрүлөт


12-ноябрда саат 1100дө Бишкектеги Улуттук китепканада Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери, техника илимдеринин доктору Дүйшөн Маматкановдун туулган күнүнүн 80 жылдыгына арналган «Кыргыз илиминин патриархы, элибиздин сыймыгы» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өткөрүлөт. Бул тууралуу китепкананын басма сөз кызматы билдирди.

Дүйшөн Маматканов 1934-жылы 7-ноябрда Жети-Өгүз районундагы Дархан айылында төрөлгөн. 1951-жылы Дархан орто мектебин, 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-математика факультетин, 1964-жылы СССРдин Сибирдеги бөлүмүнүн Сибирь энергетикалык институтунун гидроэнергетика боюнча аспирантурасын ийгиликтүү бүтүргөн.

Илимий иштер боюнча даражалары: Гидроэлектростанциялар жана гидроэнергетикалык установкалар кесиби боюнча техника илимдеринин кандидаты, улуу илимий кызматкер, СССР энергетикасынын жана электрофикациясынын отличниги, инженердик гидрология жана суу проблемалары кесиби боюнча техника илимдеринин доктору, Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, илимге эмгек сиңирген ишмери, Улуттук илимдер академиясынын академиги.

Эмгек жолу 1956-жылы Фрунзе шаарындагы № 5 кыргыз орто мектебинде физика жана математика сабагынын мугалими болуу менен башталган.

1957–1961-жылдары Кыргыз илимдер академиясынын Энергетика жана суу чарба институтунда кенже илимий кызматкер, Сибирь энергетика институтунда аспирант, 1964–1981-жылдары Кыргыз илим изилдөө энергетика бөлүмүнүн лабораториясын жетектейт. 1983–1987-жылдары Кыргыз илимдер академиясынын партиялык комитетинин катчысы кызматын аткарат. 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин КР Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору болуп иштеп келатат.

Энергетика жана суу чарба институтунда илимий кызматкер болуп турганда «Чоң Нарын проблемалары», «Сыр-Дарыя өзөн суусун комплекстүү түрдө жөнгө салуунун техника-экономикалык илимий негизи» боюнча иш жүргүзгөн. Булар болсо Нарын суусунун жана анын куймаларынын гидроэнергетикалык өздөштүрүүсүнүн илимий негизи болуп калган.

Окумуштуунун жетекчилиги астында Ысык-Көл жана Чүй өрөөнүндө энергетика жана сугат жерлерин өнүктүрүүнүн илимий негиздери иштелип чыккан, көлдүн 25 жыл ичинде деңгээлинин өзгөрүшүн тактаган. Төмөнкү Нарын ГЭСтеринин каскадынын жана Токтогул суу сактагычынын маселелери изилденген. Сары-Жаз суусуна 4 ГЭСтен турган каскад гидроэлектростанциялар курула тургандыгын иштеп чыккан.

Д. Маматканов гидроэнергетика, суу ресурстарын жөнгө салуу боюнча залкар окумуштуу, 200гө жакын илимий эмгектин автору, анын жетекчилиги менен 1 доктордук, 10 кандидаттык диссертациялар жакталган.

Илимий иштери үчүн СССР энергетикасынын отличниги, КРнын Ардак Грамоталары, III, IIдаражадагы «Манас» ордендери жана медалдар менен сыйланган. Азыркы убакта КР Президентинин суу стратегиясы боюнча Улуттук комиссиясынын мүчөсү.

Китеп-сүрөт көргөзмөсү 2 бөлүмдөн турат.

1. «Бакыт – эмгектен жаралат».

2. «Бакыт – даңкка жеткизет».

Көргөзмөгө Д.Маматкановдун илимий китептери, монографиялары, фотодокументтери, газета-журналдык материалдар, ал жөнүндөгү публикациялар, интервьюлар ж.б. коюлду.

Китеп-сүрөт көргөзмөгө мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар, илимий, маданий кызматкерлер, туугандары жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...