Акыркы макалалар

“Улуу инсан Молдобасановду көкөлөтүп алыш – бизден...”

“Улуу инсан Молдобасановду көкөлөтүп алыш – бизден...”

Буга чейин маданий жаатта Кыргыз улуттук консерватория-сынын айланасында ар кандай пикирлер айтылып келгендиги белгилүү. Ошондуктан биз Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору, Кыргыз эл артисти, профессор Муратбек Бегалиевге бир нече суроолор менен кайрылганбыз.

– Муратбек Акимович, кеп башында жакында сизге жана сиздин өмүрлүк жубайыңыз – поляк кызы Зенона Слензак-Бегалиевага Польша президентинин атынан эң жогорку сыйлык тапшырылды. Мына ушул сыйлыгыңыздар менен сиздерди куттуктап коюуга уруксат этиңиз.

– Рахмат.

– Муратбек Акимович, сиз ректор катары Кыргыз улуттук консерваториясынын алгачкы күнүнөн тарта анын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп келгениңиз коомчулукка маалым. Андыктан сөздү кыргыз музыкасынын храмы болгон консерваториянын жаралыш тарыхынан баштасаңыз.

– Тээ, тарых таржымалында калган эбегейсиз чоң Совет мамлекети кыйраган мезгилде мен а дегенде Францияда, кийинчерээк Германияда билимимди тереңдетип, стажировкада болуп, Кыргызстанга келдим. Четте жүргөндө эле керектүү материалдарды чогултуп жүргөм. Ошолордун пайдасы тийип, өзүбүздүн кыргыз менталитетибизге, өзгөчөлүктөрүбүзгө ылайыктап жаңыча көз караш менен консерваториянын долбоорун түзүп, мамлекетибиздин жетекчилерине кайрылгам. Албетте, бул идея бирине жакса, экинчилери бут тосуу¬га аракет кылышты. Бир топ талаш-тартыштардан кийин иш оңунан чечилип, 1993-жылы Кыргыз мамлекетибизде да жан дүйнөнүн жогорку окуу жайы – консерватория пайда болгон.

– Сиздин көз карашыңызда ошол кездеги консерватория менен бүгүнкү консерваториянын айырмасы канчалык?

– Айырмасы асман менен жердей. Ал учурда окуганга таптакыр шарт жок эле. Ойной турган аспаптар, олтура турган

отургучтар да жок, класстар абдан караңгы, полдору тешилген... Окууга керектүү шаймандарды – студия, аппараттарды айтпай эле коёлу. Маяналардын аздыгынан көпчүлүк жакшы кесиптин ээлери четти көздөй кетип да калышты. Кыргызстандагы болгон кесипкөйлөрдү чакырып, баш коштурууга жасаган аракеттерибиз текке кеткен жок. Ынтымактуу, ар улуттун өкүлдөрүнөн турган жамаатты түздүк.

Жыйырма жыл ичинде миңдеген жаш кадр¬ларды тарбияладык. Көптөгөн эл аралык сынактардын лауреаттары пайда болду. Кыйлалаган таланттарыбыз АКШ, Россия, Германия, Англия, Франция, Япония, Тажикстан ж.б. мамлекеттерде эмгектенишип же билимдерин өрчүтүшүүдө. Президент жана Өкмөттүн жардамы аркылуу имаратыбызды капиталдык ремонттон өткөрүп алдык. Беш жүз орундуу концерттик залыбызга Япония мамлекети “кичи грант” бөлүп, акустикалык, жарык шаймандары жана отургучтар менен камсыз кылып беришти. Фес¬тиваль, сынактар жана концерттер өтүп турат. Балет үчүн да зал ачтык.

– Муратбек Акимович, сиздерде жакшы оркестрлер да бар эмеспи...

– Биздин консерваторияда кичинекей ансамблдерден баштап чоң симфониялык оркестрге чейин бар. Симфониялык оркес¬трибиз, эл аспаптар оркестри жана үйлөмө аспаптар оркестри да муниципалдык статус алып, “Бишкек шаарынын мэриясынын оркестрлери” деп аталат.

– Келечек муундарыбыз ар тараптан билим алуусу үчүн музыкалык билимдин муктаждыгы канчалык деп ойлойсуз?

– Музыка – бул жан дүйнөнүн жарчысы эмес¬пи. Келечектин ээлерин тарбиялоодо анын ээлеген орду ченемсиз. Ички дүйнөң кандай ыргакта болсо, келечегиң да ошондой обонду созоору белгилүү да. Демек, балдардын музыкага болгон табитин бала бакчадан баштап, мектептерде андан да бийиктентип окутуш керек. Элибиздин салттык классикага айланган уңгуларына көңүл бурдуруп тарбияласак гана келечектин анык ээлерин ала алабыз.

– Акырында кийинки мезгилдерде консерваторияга К.Молдобасановдун ысымын берүүдө эки тараптуу пикирлер жаралып, эл ичинде уу-дуу кептер айтылууда. Бул жөнүндө сиздин жекече көз карашыңыз кандай?

– Бул маселе боюнча кеп композиторлордо эмес. Ошол атакка жете албай жүргөндөрдүн эле ич күйдүлүк ыплас мамилесинен келип чыкты. Менин эч качан “өз атымды коём” деген оюм болгон эмес, болбойт дагы. Бул карандай эле ушак.

Калый байкебиз ошолордун коргоо¬суна муктаж эмес. Ал улуу инсанды көкөлөтүп көтөрүп алыш алардан эмес, мына, кесипкөйлөр – бизден. Муну тарых өзү тастыктайт. Эч убакта Калый Молдобасанов агабыздын атына шек келтирилбеши керек. Анын аты түбөлүккө калат.

Ушак-айың, аттуу-баштуу адамдарды кагылыштыруу менен маданиятыбыз өспөйт, тескерисинче жоголот. Маданиятыбыздын өсүшү таза кол менен гана жасалуусу абзел. Өкмөт тарабынан токтом чыккан. Биз аны аткарышыбыз керек жана аткаруудабыз. Ал эми жамаатыбыздын принципиалдуу көтөргөн маселеси – “конституциялык жана жарандык укуктарыбыз сакталбады, тартип бузулду. Эмне үчүн ушуну тескери кылып чаңдатып жаткан адамдар жооп бербейт” деген суранычтын жоопсуз калып жаткандыгында. “Ак ийилет, бирок сынбайт” эмеспи!..

Айша АЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”

Түп нускага шилтеме : kyrgyztuusu.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...