Акыркы макалалар

8-ноябрда Кемин районунда Шабдан баатырдын мааракеси белгиленет

8-ноябрда Кемин районунда Шабдан баатырдын мааракеси белгиленет

8-ноябрда Чүй облусунун Чоң-Кемин өрөөнүндө кыргыз элинин көрүнүктүү инсаны, саясий ишмер Шабдан баатырдын 175 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Ага Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз катчысы билдирди.

Шабдан баатыр 1840-жылы Ысык-Көлдүн күңгөй Ак-Сууга жакын Туюк-Булуң деген жеринде туулуп, бирок өмүрү Чоң-Кеминде жана Пишпекте өтүптүр. Анын жоокер катары, лидер катары, саясатчы катары калыптанган жана жетилген учуру Кокон хандыгы бара-бара ыдырап жана талкаланып, Орусиянын опсуз зор империясы Орто Азияга, анын ичинде Кыргызстанга да колониалдык бийлигин орното баштаган мезгилге туура келиптир. Бирок атактуу замандашы Курманжан даткадан, Калыгул олуядан, ак таңдай акын Арстанбектен айырмаланып, Шабдан башынан эле орусчул, башынан эле Кокон бийлигине душман адам болуптур. Канында сарбагыш уруусунан чыккан айтылуу Тынай бийдин, Атаке баатырдын, хан Жантайдын каны бар, илгертен кыргыздын эл бийлеген манаптарынын тукумунан чыккан ак сөөк Шабдан саясий тагдырын эң башынан эле орус администрациясы менен тыгыз байланыштырыптыр. Тээ 1786-жылы Санкт-Петербургга элчи жиберип, бир жагынан Кокон, экинчи жагынан Кытай империясы кыскан тоолук кыргыздарга орус протекторатын сураган бабасы Атаке баатырдын саясий жана стратегиялык линиясын Шабдан да өмүр бою улантып келиптир.

Шабдан адам катары, инсан катары өтө көп кырдуу, өтө индивидуалдуу киши болгон экен. Бир чети атагы алыска кеткен баатыр, орустун тилин таап сүйлөшө билген дипломат, экинчи жагынан берешендиги, колу ачыктыгы жагынан чыныгы легендага айланган айкөл адам болуптур. Бир жолу астындагы атын кармата берип, үйүнө жөө келгени азыркыга чейин аңыз болуп айтылып келет. Ошону менен бирге жети атасына чейин өңчөй манаптардын тукуму болгон Шабдан орустун тилин эртерээк таап, элге-журтка колунан келген жардамын берген дипломат киши болуптур. Ошол кездеги орус администрациясынын өкүлдөрү жазгандай, баатырдын үйүнө ондогон эмес, жүздөгөн адамдар кирип-чыгып, тамак ичип, даам сызып, жардам алып, кеңеш сурап, Шабдандын Чоң-Кеминдеги жана Пишпектеги орус стилинде салынган үйлөрүндө эч качан киши аягы үзүлчү эмес экен. Себеби баатырдын негизги жашоо принциби - элден алганын элге берүү экен.

Ошентип жерге батпаган дүйнө-мүлк эмес же куржун-куржун акча эмес, аябагандай зор аброй жыйнап, кийин 1912-жылы каза болгондо Шабдан баатыр артына ат көтөргүс наамынан башка эч нерсе калтырбай өтүп кетиптир. Муну “Туркестанские ведомости” деген газетага чыккан орусча некрологдо да атайын баса белгиленип, “он умер бедняком” деп жазышкан экен.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...