Акыркы макалалар

Буркина-Фасодо келерки жылы ноябрда шайлоо өтөт

Буркина-Фасодо келерки жылы ноябрда шайлоо өтөт

Буркино-Фасодогу убактылуу өкмөт бир жылга чейин өлкөнү башкармай болду. Бул тууралуу Гананын өлкө башчысы Драмани Махама Буркино-Фасого барган сапарыдан соң билдирди.

Маалыматка ылайык, президенттикке шайлоолор 2015-жылдын ноябрь айында болот. Ал эми учурдагы убактылуу президент Исаак Зида жарандык башкарууну өлкөгө алып келерин айткан.

Баш мыйзамды өзгөртүп, 2015-жылкы шайлоого кайрадан катышууну каалаган, мамлекетти 30 жыл башкарган Блейс Компаоре жакында бийликтен кулатылган. Президенттик бийликти кулатууда 30 киши каза болду.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...